Сүйүнчү! Ырчы Алмаз Шаадаев ата статусуна ээ болду
Ырчы Алмаз Шаадаевдин жубайы көз жарып, ырчы мырза ата статусуна ээ болду. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасында сүйүнчүлөдү.
Маалыматка караганда, жубайы кечээ, 31-мартта көз жарган. "Орозонун ыйык күнүндө Кудайым бизге кыз белек кылды. Кыздуу болдук",- деп жазды ал.
Алмаз Шаадаев сүйүктүүсү Алина менен өткөн жылдын 24-июнь күнү үлпөт той өткөрүшкөн.