SerepTV Logo

26 жаштагы мексикалык модель "Аалам сулуусу" аталды

26 жаштагы мексикалык модель "Аалам сулуусу" аталды
АКШнын Флорида штатында “Аалам сулуусу” сынагы өтүп, анда Мексиканын 26 жаштагы сулуусу, модель Андреа Меза жеңүүчү аталды. Ал эми биринчи вице-мисс титулу Бразилия, ал эми экинчи вице-мисс Перунун сулуусуна буюрган. Сынакка жалпысынан 73 өлкөнүн сулуулары катышкан. Меза Мексиканын атынан титулга ээ болгон үчүнчү катышуучу. Буга чейин 1991-жылы жана 2010-жылы мексикалык сулуулар “Аалам сулуусу” аталышкан. Андреа Меза сынактын соңунда сөз сүйлөп, анда сулуулуктун стандарттарын өзгөртүүнү каалай турганын айткан. “Коомубуз өнүккөнү менен, дале стереотиптер менен күрөшүп келебиз. Мен үчүн сулуулук – бул сырткы келбет эле эмес, биздин ички дүйнөбүз, жүрөгүбүз, жүрүм-турумубуз. Эч качан бирөөгө өзүңөрдү басынтууга жол бербегиле”, - деген ал.
Unknown Author