Стас Михайлов, Филипп Киркоров... 31-августта Бишкекте чет элдик ырчылар катышкан концерт өтөт
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынына арналып, 31-августта Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын жана чет өлкөлүк жылдыздардын катышуусунда салтанаттуу гала-концерт өтөт.
Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун маанайын чет өлкөлүк эстрада жылдыздары Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, швециялык "Боссон" тобу жана италиялык ырчы-композитор IN-GRID көтөрөт. Салтанаттуу концертте Орусиянын сахнасында жарыгы жанган кыргызстандык ырчы Амирчик дагы ырдайт.
"Ала-Тоо" аянтындагы салтанаттуу майрамдык иш-чара саат 22:00дө башталат.