SerepTV Logo

СССРдин Эл артисти Василий Лановой 87 жашында каза болду

СССРдин Эл артисти Василий Лановой 87 жашында каза болду
СССРдин Эл артисти Василий Лановой 87 жашында көз жумду. Бул тууралуу "ТАСС" маалымат агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, 2-январь күнү Лановой жана анын жубайы Ирина Купченко коронавируска чалдыкканы белгилүү болду. Аларда оорунун белгилер болгон эмес, бирок ага карабастан Лановой ооруканага жаткырылган. 28-январда түштөн кийин Лановойдун абалы начарлап кеткендиктен, жандандыруу бөлүмүнө которушкан. Кийинчерээк СССРдин Эл артисти Евгений Герасимовдун таанышы Рановка билдиргендей, Эл артисти клиникалык өлүмгө дуушар болгон. Василий Лановой 1934-жылы 16-январда Москва шаарында туулган. 1953-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетине, кийинчерээк Б.Шукин атындагы театралдык окуу жайына тапшырып, аны 1957-жылы аяктаган. Студент кезинде эле "Жетилгендиктин күбөлүгү" аттуу биринчи тасмасында роль жаратып, 1956-жылы "Павел Корчагин" тасмасында башкы ролду ойногон.
edita