"Славян базары" эл аралык сынагында Бек Исраилов 3-орунду багындырды (видео)
Кечээ, 17-июль күнү Беларусь өлкөсүнүн Витебск шаарында өткөн "Славян базары" музыкалык сынагы жыйынтыкталып, Кыргызстандын атынан катышкан ырчы Бек Исраилов 3-орунду камсыздады.
Белгилей кетсек, Бек Исраилов конкурстун биринчи күнү Александр Серовдун "Я люблю тебя да слёз" ырын аткарган. Экинчи күнү дүйнөлүк хит "I believe i can fly" (R. Kelly) ырын аткарган.
Маалыматка ылайык, "Славян базары" эл аралык эстрадалык ырлар сынагында Беларусь өлкөсүнүн ырчысы Анна Трубецкая баш байгеге коюлган 20 миң доллар сыйлыкка ээ болгон.
1-орунду италиялык ырчы Марта (15 000 доллар);
2-орунду Болгария өлкөсүнөн Димитрина Германова жана Орусиядан Nansi (ар бири 5000 доллар);
3-орунду армениялык ырчы Мария Ханданьян жана Кыргызстандан Бек Исраилов (ар бири 2500 доллар) багынтышкан.