Шоумен Санжар Мыкыев үчүнчү ирет ата болду
Тамашоучу, шоумен Санжар Мыкыевдин жубайы көз жарды. Бул тууралуу анын жубайы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Биз үчүнчү ирет ата-эне болдук. Кыздуу болдук. Алима, биздин үй-бүлөгө кош келдиң",- деп жазды ал.
Санжар Мыкыев менен жубайы Наристе 2013-жылы баш кошушкан. Түгөйлөр Фатима жана Селима аттуу кыздарды тарбиялап келишет.