Шоумен Медер Камчыбеков: "1-класста ичим ооруп, шымдын куру ачылбай, ит эле болгом. Үйгө сай менен ыйлап келгем"
SuperTV тамашоучу, шоумен Медер Камчыбековдун айылдагы балалыгы өткөн үйүндө конок болду. "Мектепте биринчи атаман болчумун" деген Медер мырза кантип кошунасынын жөжөлөрүн өлтүрүп, апасынан таяк жегенин, алгачкы сүйүүсү тууралуу кызыктуу маек куруп берди.
"Бул жерден 4-классымда кеткем. Айылдык досторума шаардык, шаардагы досторума айылдыкмын. Биринчи атаман болчумун. Шаарга барган соң, досторум чоңоюп, мен атаман болбой калдым. Мектеп 3 чакырым алыста жайгашкан, 1-класс болсом эле кытырап бекилген курум бар болчу. Акыркы сабакта ичим бурай баштады. Дааратканага бардым, баягы курум кытырап ачылбай, ит эле болгом. Анан жол менен эмес сай менен ыйлап келгем", - деди күлүп.
https://youtu.be/aIALMwfT658