Шоумен Кадыр Жарматовдун келинчеги каза болду
Шоумен, актёр Кадыр Жарматовдун келинчеги Каныкей Саматова каза болду. Маалыматты анын жакындары тастыктады. Маалым болгондой, Кадыр Жарматовдун жубайы кечээ, 22-апрелде каза болгон.
"Эмнеден улам каза болгонун билбейм. Командасындагы балдар кечээтен бери ошол жакта жүрүшөт. Биз бүгүн тажыяга барабыз", - дейт жакындарынын бири.
Белгилей кетсек, шоумен менен келинчеги төрт баланы тарбиялап жатышкан.
SUPERTV'нын эмгек жамааты Кадыр Жарматовдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.