SerepTV Logo

"Шамбала" тасмасы Бруклин кинофестивалында "Мыкты оператор" наамын жеңди

"Шамбала" тасмасы Бруклин кинофестивалында "Мыкты оператор" наамын жеңди
Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган "Шамбала" тасмасы Бруклин кинофестивалында "Мыкты оператор" наамын алды. Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынын негизинде тартылган «Шамбала» көркөм тасмасы 2020-жылы жарыкка чыккан. Тасмага учурдагы "Кыргызфильм" киностудиясынын жетекчиси Акжол Бекболотов жана Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер Мурат Алиев операторлук кылган.
info