SerepTV Logo

Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылды

Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылды
СССРдин жана Кыргыз Эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылды. Сыйлык 25-апрель "Салттуу музыка күнүнүн" алкагында ыйгарылып, улуттук салттуу музыка өнөрүнө кошуп жаткан жигердүү салымы жана түрк дүйнөсүнүн маданиятынын сактоого жана өнүктүрүүгө болгон бараандуу салымынын негизинде тапшырылды. Сыйлыкты министр Азамат Жаманкулов тапшырып, залкар комузчу Самара Токтакунованын чыгармачылыгына ийгилик жана бекем ден-соолук каалады.
info