SerepTV Logo

Самара Каримованын апасы: "Кызым студент кезинде шок кыз болчу. Турмушка чыккан соң токтолду"

Самара Каримованын апасы: "Кызым студент кезинде шок кыз болчу. Турмушка чыккан соң токтолду"
«Бейишим – ата-энем” долбоорунун кезектеги коноктору Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен апасы Разия Шарипова болду. Алар эне менен кыздын ортосундагы мамиле, бири-бирине болгон байланыш, сезимдери тууралуу айтып беришти. "Адамды коом тарбиялайт да. Студент мезгилинде деле шок болчу. Турмушка чыккан соң токтолду. Күйөө балам Самараны колдоду. Өмүр бою ыраазымын. Чыгармачылыгын колдоп, алдыга сүрөдү", - деди апасы. Ал ошондой кызын турмушка берип жаткандагы сезимдери менен бөлүштү. "Кызды чоңойтуп, турмушка узап жатканда бооруң ачыйт. Туура түшүндүм. Өзүнүн келечеги болушу керек", - деди ал. https://www.youtube.com/watch?v=op8an-FXgmQ
edita