SerepTV Logo

Рысбай Исаков: "Манас айтып эле тим болбой, кара күчтөр менен да күрөшүп жаткан учур болду"

Рысбай Исаков: "Манас айтып эле тим болбой, кара күчтөр менен да күрөшүп жаткан учур болду"
Түркиянын Бурса шаарында 124 саат бою тынбай "Манас" айткан манасчы Рысбай Исаков Кыргызстанга учуп келди. Аны кесиптештери, санаалаштары, жакындары тосуп алышты. Рысбай Исаков коомдо талкууга алынган видео тууралуу өз пикирин билдирди. "Курч сындар башында катуу тийди, бирок "эл Манаска күйгөн үчүн айтып жатат" деп түшүндүм. Ал эми баш-аягын толук билбегенден улам элдин шары менен кирип алгандары да бар. Аларды да түшүнөм. Сын-пикирдин баарына жооп болот. Ютубдагы канал бул Гиннесстин өкүлдөрү үчүн гана болчу. Себеби ал жакта уктаганыбыздан бери көрүнүп турат. Гиннесстин өкүлдөрү көрчү видео коомчулукка чыгып кетти.  2 саат толук уйкуга бөлүнгөн жок. Дээрлик уйкуну көрбөй эле жаттык. Мага кайып күчтөр деп берди. Жөндөп тамак ичкен деле жокпуз. Курсак ток, уйку жок эле болду. Манас айтып эле тим болбой, кара күчтөр менен да күрөшүп жаткан учур болду. Муну коомчулукка айтып, түшүндүрө албайт экенсиң", - деди ал. https://youtu.be/asegGHGCRGk
edita