SerepTV Logo

Рики Мартин тууганына 7 ай бою зомбулук көрсөтүп жүргөн деп шектелүүдө

Рики Мартин тууганына 7 ай бою зомбулук көрсөтүп жүргөн деп шектелүүдө
50 жаштагы пуэрто-риколук ырчы Рики Мартин тууган инисине (племяник) зомбулук көрсөткөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 21 жаштагы Деннис Санчез агасы Рики Мартин менен сүйүү романы болуп, 7 ай бою физикалык, психологиялык зомбулук көрүп жүргөнүн айтып сотко арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылдын башында мамилесин токтотконун кошумчалаган. Бирок ырчы аны укпай, тынчын алып жүргөн. "Эгер Мартиндин дарегине карата айтылган маалыматтар тастыкталса, ырчы 50 жыл эркинен ажыратылышы мүмкүн", - деп жазылат маалымат булактарында.
info