Режиссёр Темиралы Маймашев реанимацияда жатат. Абалы оор
"Туңгуюк", "Күзгү жалбырак" тасмаларын тарткан режиссёр Темиралы Маймашев учурда реанимацияда. Анын абалы тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы Гүлнур Асанова билдирди.
"Акыркы кезде бир басылма Темиралы Маймашевдин дарегине ар кандай каралоолорду жарыялап келген. Ошого катуу сар-санаа болуп жатып, канындагы канттын өлчөсү жогорулап, талмасы кармап, эс-учун жоготуптур. Досу "Тез жардам" чакырып, ооруканага жеткиргенин айтты. Азыр абалы оор, 3 күндөн бери реанимация жатат. Мен шаардан сырт жакта болгондуктан, өзүм кабар ала албай, досу аркылуу абалын билип жатам", - дейт ырчы айым.
Буга чейин SuperTV каналына режиссёр Темиралы Маймашев менен Гүлнур Асанованын маеги жарыяланып, көп жылдан бери айтылбай жүргөн маалыматтар ачыкталган.
https://www.youtube.com/watch?v=BYmba9bHwWU