SerepTV Logo

Разия Мансурова Кыргызстандын атынан эл аралык сулуулук сынагына катышып жатат

Разия Мансурова Кыргызстандын атынан эл аралык сулуулук сынагына катышып жатат
Кыргызстандык Разия Мансурова Египетте өтүп жаткан «Miss Intercontinental» эл аралык сулуулук сынагына катышып жатат. Бул тууралуу «Мисс Кыргызстан» улуттук сынагынын дирекциясы билдирди. Маалыматка караганда, сынак 3 күн мурда башталган. Катышуучулар буга чейин калыстардын алдына улуттук кийим жана бикини кийип чыгышкан. Быйыл «Miss Intercontinental» сынагына 49 жыл толгон. 2019-жылы дал ушул сынактын баш байгесин венгриялык сулуу жеңип кеткен. Ал эми 2020-жылы пандемиядан улам сынак 2021-жылга жылдырылган. Быйыл сынакка 73 өлкөнүн сулуулары катышып жатат.
edita