Рахман Разыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтмөй болду
Рахман Разыковдун сөөгү эртең жерге берилет. Бул тууралуу куудулдун жакындарынын бири билдирди.
"Көпчүлүк жакындары келе албай калгандыгына байланыштуу акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең саат 14:00дө боло турган болду", - деди ал.
Айта кетсек, куудулдун уулу Каныбек Разыков атасынын сөөгү бүгүн түштөн кийин жерге бериле турганын айткан.