Продюсер Нурбек Айбашов Румынияда өткөн мыктыларды тапшыруу аземинде "Эң мыкты продюсер" аталды (видео)
Режиссёр Руслан Акундун "Салам, Нью-Йорк", "В поисках мамы", "Рецепт счастья" жана башка тасмаларына продюсерлик кылган Нурбек Айбашов Румынияда өткөн "Most fashionable awards" мыктыларды аныктоо аземинде "Эң мыкты продюсер" наамын жеңип алды.
Most Fashionable Awards ("Эң мыкты модалуу сыйлык") - Евразия өлкөлөрүн бириктирген Дүйнөлүк сулуулук конгресси тарабынан уюштурулган сыйлык. Анда соода маркалары, фирмалар, орто жана жеке ишкана, мекеме, медиаперсоналар, визажист, дизайнер жана башка чыгармачыл адамдардын арасында өткөрүлүп, мыктылар эл аралык деңгээлде аныкталат.