SerepTV Logo

Ош филармониясына директор болуп дайындалган Алишер Тоотаевдин өмүр баяны

Ош филармониясына директор болуп дайындалган Алишер Тоотаевдин өмүр баяны
Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониянын директору болуп дайындалган. Маданият жана маалымат министрлиги анын өмүр баяны менен бөлүштү.
Тоотаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган. Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынан окутуучу, оркестр артисти багытында жана Кыргыз-Өзбек университетинен экономика багытында билим алган. Алишер Тоотаев Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда солист, “Долбоор” акционердик коомунда музыкант, “ЭлТР” телеканалында редактор болуп эмгектенген. 2018-жылдан баштап “Жигиттер” фольклордук-эстрада тобун жетектеп келген. “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.
edita