SerepTV Logo

Орусиялык ырчы МакSим пневмонияга чалдыгып ооруканага түштү

Орусиялык ырчы МакSим пневмонияга чалдыгып ооруканага түштү
Орусиялык ырчы МакSим коронавируска чалдыгып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ырчы айым Инстаграм баракчасына жарыялады. Анын айтуусу боюнча, 11-июнда өзүн жаман сезген, бирок тест жыйынтыктары таза чыккан. Ырчынын абалы бара-бара начарлай баштаган. Дене табы көтөрүлүп, акырында ооруканага алып келинген. "Өпкөгө 40 пайыз доо кетиптир, менде ковидге карата анализдин тактыгы жок, бирок дарыгерлер пневмония деп жатышат", - деген ырчы. Ал ошондой эле 19-июнда өтө турган концертин дагы токтотууга аргасыз болгонун кошумчалады.
Unknown Author