SerepTV Logo

Орус драма театрынын директору Евгений Кузнецов ээлеген кызматынан бошотулду

Орус драма театрынын директору Евгений Кузнецов ээлеген кызматынан бошотулду
Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын директору Евгений Кузнецов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу чыккан.

Евгений Кузнецов театрдын жетекчиси болуп 2018-жылдын июль айында дайындалган.

edita