Опера жана балет театрында коммерциялык спектаклдерди коюу токтойт
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында мындан ары коммерциялык спектаклдер коюлбайт. Бул тууралуу театрдын директору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Керим Турапов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлүк артисттерди Бишкекке чакыруу токтотулат.
6-мартта театрда "Ак куу көлү" спектаклинин алдында чыр чыккан. Ага орусиялык артисттер чакырылган болчу. Кыргыз артисттер алар менен иштешүүдөн баш тартып, сахнага чыкпай коюшкан. Муну алар коммерциялык спектакль үчүн жергиликтүү артисттерге бир да тыйын төлөнбөй турганы менен түшүндүрүшкөн. Эми алардын айтымында, бул жаңжал үчүн жетекчиликтен коркутуулар болуп жатат.
«Азырынча эч кандай чечим кабыл алына элек. Мен Бишкекте эмесмин, бирок жакын арада барам. Артисттер менен тил табышып, себебин аныктоого аракет кылам. Ким уюштурганын такташ керек. Бул ишке укук коргоо органдары дагы тартылат го. Анткени мен жана Маданият министрлиги өкмөт алдында отчет беришибиз керек», — деди жагдай тууралуу Керим Турапов.
Ал артисттерге атайын эсептен акча төлөө мүмкүн эместигин, ал каражат театрдын чарбалык кем-карчына араң жетип жатканын кошумчалады.