Опера жана балет театрында "Ак-Мөөр" спектакли коюлат
Эртең, 5-сентябрда саат 17:0дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Жумакадыр Каниметовдун "Ак-Мөөр" спектакли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
"Ак-Мөөр" спектакли Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата коюлуп жатат.
Эл ичинде уламышка айланган Ак-Мөөр менен Болоттун сүйүүсү тууралуу тасма 1969-жылы тартылган.