SerepTV Logo

“Ооруканалар кабыл албай убакытты уттурдукпу деп ойлоп кетем” дейт маркум Марат Жантелиевдин агасы

“Ооруканалар кабыл албай убакытты уттурдукпу деп ойлоп кетем” дейт маркум Марат Жантелиевдин агасы
Өткөн жылы 9-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, залкар талант, мыкты актёр Марат Жантелиев оорудан улам дүйнө салып, кыргыз кино тармагы оор жоготууга учураган. Маркумдун жылдыгында ал жашаган үйгө барып куран окуп, апасы, жубайы, уул-кыздары менен маек курдук. Марат Жантелиевдин агасы Талант Жантелиев төмөнкүдөй эскерет. “Мурда оорудум дечү эмес. Акыркы күндөрү буту аксап, бөйрөгү ооруп жүрдү. Бир күнү сүйлөшсөм жакшы дем ала албай жатканын айтып, жатып сүйлөшөйүн деп калды. Келинчегинин айтуусунда, ошондо эле заарасы чыкпай калыптыр. Өзүбүз деле түшүнбөй калдык. Түнкү саат 12де ооруканага алып бардык. Ооруканалар коронавирусту текшериш керек деп албай коюп, төрт сааттай жолдо жүрүп калдык. Ошондо да убакытты уттурдукпу деп ойлоп кетем”, - дейт ал. Марат Жантелиевдин үй-бүлөсүнүн эскерүүсүн видеодон көрүңүз. https://www.youtube.com/watch?v=c8coEAIX2as
Unknown Author