Abank_june
SerepTV Logo

Нурсултан Раимбеков Кыргызстандын атынан "Славян базары" фестивалына катышып келди (видео)

Нурсултан Раимбеков Кыргызстандын атынан "Славян базары" фестивалына катышып келди (видео)
Нурсултан Раимбеков "Славян базары" фестивалына Кыргызстандын атынан катышып келди. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Раимбеков сынактын жүрүшү жана өзү тууралуу айтып берди. "Мен Оштон болом, 30 жаштамын. 2017-жылы Бишкектеги Калый Молдобасанов атындагы консерваторияны аяктагам. 17 жаштан бери Орусияда, Казакстанда, Түркияда, Кыргызстанда сынактарга катышып жүрөм. Эң эле масштабдуусу "I'm a Singer Kazakhstan" болгон. Ал сынактын финалына чейин жеткем. Былтыр аталган сынакка Бек Исраилов катышкан. Ал сынакка ар тараптуу адам катышышы керектигин айтып, мени колдоду. Башка катышуучулардай эле заявка толтуруп, комиссия мени тандап алган. Мен жөнөткөндө "ырларды 1 айда алмаштырганга болот" деген жазуу бар болчу. Алмаштырууга жөнөтсөм, болбой турганын айтышты. Себеби, ал жактагы оркестр мурда жөнөтүлгөн ырга даярданып жаткан экен",- деди ал. Ал ошондой эле конкурстун жүрүшү тууралуу айтып берди. "Алгачкы күнү толкундандым. Катышуучуларга жаңырык кошушат экен. Сахнага чыкканда жаңырык көп болуп калды. Ошол үчүн мага ырдоо таталыраак, ыңгайсыз болду. Жакшы баалашты. Продюсерлер иштешүүнү сунуштап жатышат",- деди ал.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Нурсултан Раимбеков ?? (@nursultan_raimbekov)

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Нурсултан Раимбеков ?? (@nursultan_raimbekov)

Германия биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү боло алган жок

10:42 04.06.2026

Ысык-Көлдө селде калган 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

08:37 08.06.2026

БШКнын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өтүп, төрага жана анын орун басарлары шайланды

17:20 03.06.2026

"Манас" аэропортуна бара турган жаңы альтернативдик жолдун маршруту кандай болот?

09:27 03.06.2026

Агартуу министрлиги: "2026-2027-окуу жылын 15-сентябрда баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды"

08:34 02.06.2026

Ысык-Көлдө жаандан улам тоонун боору урап түшүп, эки эркек кишин басып калды

11:42 06.06.2026

Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

12:21 10.06.2026

Кыргызстандагы эң ири фейерверк жана музыкалык фонтандар фестивалы 2026 - Royal Central Park'та бактылуу жашоонун жаңы баскычы

12:01 10.06.2026

Мас абалында транспорт каражатын башкаруу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

08:44 10.06.2026