SerepTV Logo

Николь Шерзингер турмушка чыгат. Ал эртең 45 жашка толот

Николь Шерзингер турмушка чыгат. Ал эртең 45 жашка толот
Америкалык ырчы, бийчи, The Pussycat Dolls тобунун вокалисти катары таанымал Николь Шерзингердин колун жигити Том Эванс сурады. Нике шакеги эртең, 29-июнда 45 жашка толо турган ырчы айымга белек да болуп калды. Кубанычтуу кабарын атактуу кечээ, 27-июнда соцтармактагы баракчасына жарыялап, ал билдирүүсүн "Мен "макул" дедим" деген жазуу менен коштоду. Николь Шерзингер регбист Том Эванс менен 2019-жылы таанышкан. Аны менен 2020-жылдан тартып кыз-жигиттик мамиледе. Учурда жигити 38 жашта. Ырчы айым Формула-1 классындагы дүйнө чемпиону Льюис Хэмилтон менен болгон мамилесине 2015-жылы чекит койгон. Анын себебин ал "биз сегиз жылдан бери чогуубуз жана бул аралыкта андан колумдун сурашын күтө берип чарчадым" деп түшүндүргөн. 2016-2019-жылдары болгариялык теннисчи Григор Димитров менен кыз-жигиттик мамиледе болгону маалым. [gallery columns="1" link="file" size="large" jnewsslider="true" ids="187488,187489"]
info