Назира Жетигенованын кызы: "Мен апам менен мактанбайм, сыймыктанам"
“Бейишим – ата-энем” долбоорунун кезектеги коноктору Назира Жетигенова жана анын кыздары болду. Алар эне менен кыздын ортосундагы мамиле, бири-бирине болгон байланыш, сезимдери тууралуу айтып, ачык маек куруп беришти.
"Мен 16 жашымда турмушка чыктым. 2 айдан кийин 17ге чыккам. Улуу кызымды төрөгөндөн кийин 18 жашка чыккам. Экинчи кызымды 19 жашымда төрөгөм. Кыздарымды жалгыз чоңойтуу оор болгон жок",- дейт Жетигенова.
"Белгилүү куудулдун кызы экеним деле билинбейт. Жумуш, үй, балдар. Апамдын өзүнүн жумушу бар. Кичине кезимде деле апам менен гастролдордо жүрчүмүн, ошондо деле сезчү эмесмин. Ар бирибиздин үй-бүлөбүз бар. Апам өзгөчө күз менен кышта ар кайсы жерде жүргөн болот. Бир карасаң Көлдө, бир карасаң Таласта. Көрүшпөй, чалышпай деле калабыз",- деди кызы Азиза.
"Апам менен сыймыктанам. Мактанбайм. Апа деген апа. Апамдын карьерасы ошол. Жумушу ошондой",- деди кызы Айпери.
https://youtu.be/dXs_DJ88w4A