SerepTV Logo

Нарында “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы өтөт

Нарында “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы өтөт
28-29-июнь күндөрү Нарын облусунда “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы 12-жолу өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты. Фестивалдын максаты - улуттук буюмдардын сап башында турган шырдакты даңазалоо, жайылтуу жана сатууну жогорку деңгээлде уюштуруу болуп эсептелинет. Фестивалдын алкагында шырдак жасоонун жана башка кол өнөрчүлүк, чебер сааттары менен таанышуу иш-чаралары, илимий конференциялар өткөрүлөт.
info