SerepTV Logo

Москванын чок ортосуна Иосиф Кобзондун эстелиги орнотулат

Москванын чок ортосуна Иосиф Кобзондун эстелиги орнотулат
СССРдин Эл артисти жана борбордун Ардактуу атуулу Иосиф Кобзондун эстелиги Садовое кольцодон алыс эмес жерде, Оружейный тар көчөсүндөгү бакчага орнотулат. Бул чечимди Москва шаардык Думасынын алдындагы монументалдык искусство боюнча комиссия бир добуштан кабыл алды. Бул тууралуу "Русская газета" басылмасы жазып чыкты. Комиссиянын төрагасы Игорь Воскресенскийдин айтымында, эстеликтин 11 жерге жайгашуусу талкууланган. "Талкуулар бир жылга созулуп, негиздүү карама-каршылыктарды пайда кылды. Оружейный тар көчөсүнө артисттин элесин түбөлүккө калтыруу Москва архитектура комитети жана Маданий мурас департаменти, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттары тарабынан жактырылды",- деди Воскресенский. Ал белгилегендей, жер тандалган соң, эстеликти жаратуу боюнча чыгармачыл сынак өткөрүлөт. Жана конкурс ачык болот. Эстелик шаардык бюджеттин эсебинен жасалып, орнотулат. Бул максаттарга 52 миллион рубль бөлүнгөн. Эми комиссиянын чечими Москва шаардык Думасынын депутаттары тарабынан каралат. Буга чейин Орусиянын президенти артисттин элесин түбөлүккө калтыруу жана Москвада эстелик тургузуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Эске салсак, Иосиф Кобзон 2018-жылдын 30-август күнү 81 жашында көз жумган.
edita