SerepTV Logo

"Мисс Ош - 2025". Байгелүү орундарга кимдер ээ болду? 

"Мисс Ош - 2025". Байгелүү орундарга кимдер ээ болду? 
Ош шаарында "Мисс Ош - 2025" сулуулук сынагы өттү. Бул тууралуу анын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова СЕРЕП МЕДИА - маалымат агенттигине билдирди. Гран-Приге Арууке Айтмарек кызы ээ болду. Алдыңкы 5тикке кирген сулуулар: Чолпонай Баймуратова, Үркыз Кушбакова, Гүлвира Ниматиллаева, Аяна Зикирбаева жана Айнура Болот кызы. Ал эми "Мистер Кыргызстан - 2025" сынагынын жеңүүчүсү Акбар Атаханов аталды. Бул сынакка Ош шаарынын жана Ош облусунун аймактарынын тургундары катышты. "Мисс Кыргызстан - 2025" сынагынын жарым финалдык баскычы июлдун соңунда, финалдык бөлүгү августтун аягында өтөт. Аны уткан сулуу Эл аралык "Аалам сулуусу", Miss Grand International". "Miss International" жана "Жер сулуусу" сынактарына катышууга укуктуу болушат", - деди Намазбекова.
altinay