SerepTV Logo

Мирлан Баеков 40 жашында жогорку билимдин ээси болду

Мирлан Баеков 40 жашында жогорку билимдин ээси болду
Ырчы Мирлан Баеков 40 жашында жогорку окуу жайды аяктап, билимдүү маданий ишмер болду. Жогорку билими тууралуу ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди. "Мен алгач 2002-жылы Токтоболот Абдымомунов атындагы театралдык окуу жайга тапшырып, бүтөрүмө жарым жыл калганда гастролго кызыгып, окууну таштап салгам. Эгер ошондо окуумдун аягына чыксам, Маданият жана искусство университетине 3-курстан отурмакмын. "Кызыл өрүк" ырын ырдап, атым чыгып калганда маданият чөйрөсүндө жүргөндөн кийин дипломдуу артист болоюн деп чечтим. Андыктан Маданият жана искусство университетине тапшырып, кайра 1-курстан окуп, окууну быйыл аяктадым. Биздин факультет социалдык-маданий ишмердүүлүк болгондуктан, группада жалаң маданият үйлөрдүн директорлору, музыка сабагынын мугалимдери, айтор, ар кандай жаш курактагы маданий кызматкерлер окуду", - дейт Баеков. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="114004,114003,114002"]  
info