SerepTV Logo

Мирбек Атабеков: “Милициянын кайдыгер мамилеси – биринчи эмес. Апама кол салгандар дагы деле жазасын ала элек”

Мирбек Атабеков: “Милициянын кайдыгер мамилеси – биринчи эмес. Апама кол салгандар дагы деле жазасын ала элек”
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков Айзаданын кайгылуу окуясы боюнча өз пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазып, “милициянын кайдыгер мамилесине биринчи жолу туш болуп жаткан жокпуз” деп кошумчалады. “Биринчиден, өлкөбүздө болгон кайгылуу окуя боюнча Айзаданын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мындай окуянын болушун эч убакта каалабайт элем. Экинчиден, чыныгы сүйгөн адам сүйүүктүүсүнө эч качан жамандык кылмак тургай каалабайт дагы. Бул жерде сүйүү жок. Ал эми зордоп, каалоосуна каршы мажбурлап, кыйнап ала качуу жеткен жапайычылык, бул салт эмес! Үчүнчүдөн, биздин укук коргоо кызматкерлери, шаарыбыздын сакчыларынын кайдыгерчилигин биринчи жолу көрүп жаткан жерибиз жок. Эки жыл мурда башталган биздин үй-бүлөгө, апама тийиштүү ишти дагы да болсо аягына чыгара элек, жада калса күнөлүүлөрдүн бирөөсү дагы жоопкерчиликке тартыла элек. Болбосо бардык керектүү материалдар кол астында турат. Алар ойгонгончо канча өмүрлөр кыйылып, канча бейкүнөө жандар азап тартышат? Сөзүмдүн соңунда эч бир жан бирөөнүн өмүрүн кыйганга акысы жок экенин унутпайлы. Андай өлгүсү келгендер өлө бергиле, бирок башка бирөөгө залакаңарды тийгизбегиле. Өмүрдү Аллах берген соң ал гана ала алат. Айзада, карындашым, кечир биздин кайдыгер коомду! Жаткан жериң жайлуу, жаның жаннаттан болсун…”, - деп жазган ырчы.
Unknown Author