Миңжашар Мурзаев "Ну-ка, все вместе!" шоу берүүсүндө жарым финалга чыкты
Кыргызстандык Миңжашар Мурзаев орусиялык "Ну-ка, все вместе!" музыкалык шоу берүүсүндө жарым финалга чыкты.
Ал "Kiss"чыгармасын ырдады. Жогорку баскычка чыгарына болгону 2 добуш жетпей калды. Анткен менен азыркы жыйынтыгы Мурзаевге кийинки турга катышууга мүмкүнчүлүк алып берди.
«Ну-ка, все вместе! Народный кастинг» берүүсүнүн экинчи чыгарылышы Екатеринбург шаарында тартылып, дал ошол шаарда вокалисттер тандалган.