SerepTV Logo

Министрлик бир түндө жылдыз болгон келиндин эл аралык аренага чыгуусуна көмөктөшөрүн билдирди

Министрлик бир түндө жылдыз болгон келиндин эл аралык аренага чыгуусуна көмөктөшөрүн билдирди
Маданият министрлиги бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгын ар тараптан колдоп, эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшөт. Мындай маалымат бүгүн, 22-июнда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бир күндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова менен жолукканда белгилүү болду. Жаманкулов анын чыгармачылыгын ар тараптан колдоого алып, эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшө турганын билдирген. Тактап айтканда, Маданият министрлиги Бегимай Турусбекованы “Central Asia's Got Talent” сынагына жөнөтүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтөрүн, ошондой эле, Казакстанда, Түркияда жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүнө кошуп, анын талантынын ачылышына жана эл аралык аренага чыгуусуна жардам бере турганынын баса белгиледи. Ал эми Бегимай Турусбекова буга чейин Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетин окуп, аны бүтпөй калгандыгын белгилеп, буга чейин бир катар сынактарга катышып, бирок эч жолу болбой келгенин эскерди. Өз кезегинде Азамат Жаманкулов Бегимай Турусбекованын окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана аны ийгиликтүү аяктоосуна жардам бере тургандыгын кошумчалады.
edita