SerepTV Logo

“Мейкин Азия” фестивалынын баш байгесин казакстандык Айна Калмаганбетова жеңип алды

“Мейкин Азия” фестивалынын баш байгесин казакстандык Айна Калмаганбетова жеңип алды

Чолпон-Атада “Мейкин Азия” эл аралык фестивалы болуп өттү. Кечээ, 20-августта  фестивалдын жыйынтыктоочу гала-концерти өтүп, жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

“Мейкин Азия” фестивалынын жеңүүчүлөрү:

Баш байге - Айна Калмаганбетова (Казакстан);
1-орун: Руслан Асанкан (Кыргызстан) жана Бегюм Текакпынар (Түндүк Кипр);
2-орун: Сарвиноз Камалова (Өзбекстан) жана Нада Талевска (Түндүк Македония);
3- орун: Адильхан Макин (Казакстан) жана Касиет Идирисова (Кыргызстан).
Ал эми фестивалдын атайын сыйлыгын Түркиядан келген Жевхер Аксойго ыйгарылды. Биринчи орунду багындырган жеңүүчүлөргө 3 миң доллар, атайын статуэтка, диплом, экинчи орунга 2 миң доллар, 3-орунду алгандарга 1 миң доллар жана дипломдор менен сыйланышты.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="196416,196417,196418,196419,196420,196421,196422,196423,196424"]
edita