Марат Жантелиевдин апасы: “Кино көргөн сайын уулум чыгабы деп издей берем”
Өткөн жылы 9-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, залкар талант, мыкты актёр Марат Жантелиев оорудан улам дүйнө салып, кыргыз кино тармагы оор жоготууга учураган. Маркумдун жылдыгында ал жашаган үйгө барып куран окуп, апасы, жубайы, уул-кыздары менен маек курдук.
Марат Жантелиевдин апасы Кеңеш апа уулум жок өткөн бир жыл кылымдан ашык убакытка тете болду дейт.
“Азыр деле кино көргөн сайын Маратым чыгабы деп издей берем. Убакыт баягыдай эле өтүп жатат, болгону уулум жок. Тартылган тасмалары боюнча сын деле айткан эмесмин. Болгону “Саякбайга” тартылганда, манасты өзүң эле айтсаң болмок экен деп айткам. Анткени өзү манасты жакшы айтчу. Азыр келиним экөөбүз бири-бирибизди аяп эле отурабыз. Ал мени аяйт, мен аны аяйм. Тагдыр экен да...”, - деп көзүнө жаш алды.
Марат Жантелиевдин үй-бүлөсүнүн эскерүүсүн видеодон көрүңүз.
https://www.youtube.com/watch?v=c8coEAIX2as