Манасчы Рысбай Исаковго “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамы ыйгарылды
Гиннесстин рекордсмени, белгилүү манасчы Рысбай Исаковго “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу "Манас" театрынан билдиришти.
Бүгүн, 18-апрелде Бишкекте "Манас" театрынын имаратынын ачылышы болду. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышты.