SerepTV Logo

Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат
Бүгүн, 19-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы-импровизатор жана комузчу Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Анын сөөгү киндик каны тамган Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында жерге берилет. 17-январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев каза болгон. Ал 1969-жылы 6-июнда Талас облусуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган.
edita