Максат Надырбеков: "Мурдагы жашоомдон улам жубайымдын ата-энесине оор болду"
15-ноябрь күнү Бишкекте шоумен Максат Надырбековдун үйлөнүү тою өттү. Тойдун алдынан Максат жана жубайы Алина айым менен маек куруп, эки жаштын сүйүү баянын уктук.
"Мен Ысык-Көлдүн күйөө баласы болуп жатам. Көлдүн ак куусу. Жаш айырмачылык 8 жаш. 1997-жылы туулган. Мен 34 жашка чыгам", - деди Надырбеков.
"Ата-энем түшүнүктүү адамдар. Алар түшүнүштү, акыры ушуга келип жатат", - деди жубайы.
"Биздин жашоону чыгарып келесиздер, ал кишилерге оор болду. Мурда турмушубуз болгонун, ажырашып жүргөнүбүздү билет. Бизге да оор болду. Алина да ошону менен күрөштү. Ар бир ата-эне баласынын бактылуу болушун каалайт да. Бата беришти", - деди шоумен.
https://youtu.be/w9ExLjmoSHI