SerepTV Logo

Лариса Долина Максим Галкиндин берүүсүндө Валя Карнавалдын айынан ызы-чуу чыгарды

Лариса Долина Максим Галкиндин берүүсүндө Валя Карнавалдын айынан ызы-чуу чыгарды
Лариса Долина Тик-Токто 14 миллиондон ашуун катталуучусу бар белгилүү ырчы, Тик-Ток жылдызы Карнавал менен бирге Максим Галкиндин берүүсүнө катышып, анын сабатсыздыгына ачууланды. Берүүнүн жүрүшүндө Лариса Долина 19 жаштагы ырчы Валя Карнавалдан Александр Панайотов ким экендигин сураган. Бул суроого Валя жооп бере алган эмес. Ошол учурда ырчы Максим Галкинге кайрылып “Эмне үчүн мени бул жакка чакырдың? Кетсем болобу?” деп ачууланган.   Андан сырткары Карнавалды музыкалык билими жок, нота билбейт, сахнага чыгып кантип уялбай ырдап жатат деп сындаган. Кызыгы муну менен гана токтоп калган эмес. «Макс, кетсем болобу, музыка жөнүндө эч нерсе билбеген кыз менен баарлашуу мен үчүн кызыксыз. Бир да нотага түшпөй жылдыз болуп калгандай түр көрсөтүп, алтургай талашып-тартышат. Сабаттуу болуу маанилүү нерсе экендигин баары түшүнүшүн каалайм”, - деп ачууланган ырчы. Валя Карнавал колунан келишинче өзүн коргоого аракет кылган. Ал эми алып баруучу Галкин чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн баарын тамашага бурууга аракет жасаганы менен анчейин майнап чыккан эмес.
Unknown Author