Кызсайкал Кабылова: "Кайненем аябай жакшы адам. Жакшы үй-бүлөгө туш болдум"
Жакында ырчы Кызсайкал Кабылова Мирлан аттуу досуна турмушка чыккан. Ырчы айым SUPERTV'га маек куруп, жаңы турмушу, достуктан үй-бүлөгө жеткен мамилеси тууралуу айтып берди.
"Аксыга келин болдум. Келиндик доор абдан жакшы өтүп жатат. Оорчулук болбой эле. Жардамчыларым көп. 2 кайним, апам, жолдошум бар. Кайненем аябай жакшы адам. Жакшы үй-бүлөгө туш болдум. Бардык нерсени көрүп, билип турмушка чыктым",- деди ал.
https://youtu.be/32X-YTWQLxY