SerepTV Logo

"Кыз-Жибек" бий ансамбли Москвадагы сынактан байгеге ээ болду

"Кыз-Жибек" бий ансамбли Москвадагы сынактан байгеге ээ болду
«Кыз-Жибек» бий ансамбли «Москвадагы жылдыздар» сынагында 2-орунду жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты. «Москвадагы жылдыздар» (Звезды над Москвой) аталышындагы бүткүл орусиялык сынак-фестивалында Кемин районундагы «Кыз-Жибек» бий ансамбли 2-орунду багындырды. «Кыз-Жибек» бий ансамбли 12 бийчи кызды даярдап «Жалын бий» бийи менен катышкан. Бүгүн, 13-июнь Кремль ордосунда гала концертке да катышат. Белгилей кетсек, аталган фестивалга 15ке жакын республикадан 500гө жакын бий коллективдери ат салышты.
info