Кыргызстандын "Kairos" тобу Орусиядагы сынактын суперфиналына чыкты
Кыргызстандын "Kairos" тобу Орусиядагы "Битва каверов" сынагынын суперфиналына чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган топтон билдиришти.
- Шоу берүүгө Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Кубанын ар кайсы шаарларынан 40тан ашык музыкалык топтор катышууда. Ар бир чыгарылышта командалар белгилүү хиттердин версияларын тартуулашат, ал эми калыстар тобу жана 500 көрүүчүгө ылайыкталган зал эң мыктыга деп добуш беришет.