"Кыргызстандын эң сулуу айымы" аныкталды
10-мартта борбордогу эс алуучу жайлардын биринде "Кыргызстандын эң сулуу айымы-2021" ("Миссис Кыргызстан-2021") сулуулук сынагы өтүп, анда Гран-Прини 35 жаштагы Бактыгүл Баганбаева жеңип алды. Эми ал "Дүйнөнүн эң сулуу айымы-2021" сулуулук сынагына катышат.
Ал эми 1-вице миссис титулуна 37 жаштагы Регина Сулайманова;
2-вице миссис титулуна 50 жаштагы Нуржамал Дүйшенбиева;
"Кыргызстан ханбийкеси" титулуна 26 жаштагы Евгения Гуливатенко;
"R STYLE`дын эң сулуу айымы" титулуна 30 жаштагы Айсулуу Маматова ээ болуп, аларга Түркияга эс алууга жолдомо тапшырылды.