SerepTV Logo

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Людмила Ускова көз жумду

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Людмила Ускова көз жумду

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Фрунзе атындагы орус драма театрынын актрисасы Людмила Ускова 79 жашында каза болду. 

Театрдан билдиришкендей, ал 1-октябрда Екатеринбург шаарында каза болгон. Людмила Ускова 1973-жылы Бишкектеги орус драма театрында эмгектенип баштаган. Ага чейин Южно-Сахалинск, Красноярск, Нижний Тагил, Новокузнецк, Кемерово театрларында 10 жыл иштеген. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасы" менен, 1998-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы менен сыйланган. 2006-жылы Екатеринбург шаарына көчүп кеткен.

edita