Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав «Голос» долбоорунун жарым финалына өттү
Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав «Голос» долбоорунун жарым финалына өттү. Ал америкалык музыкант Рой Орбисондун "Pretty woman" ырын аткарды.
https://youtu.be/56N1AAsEYoY
Берүүнүн чейрек финалы 17-декабрда көрсөтүлүп, анда бул тепкичке чейин келген 12 катышуучудан кийинки баскычка көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү аркылуу 8и гана өттү. Александр Волкодав өз командасында 74,4 пайыз добушка ээ болду.
https://youtu.be/xLQgiQKX9H8
Александр Волкодав орусиялык «Голос» долбоорунун биринчи элегинен «Supergirl» деген чыгарма менен өткөн.