SerepTV Logo

Кыргыз режиссёрунун "Мунабия" тасмасы Лондондогу фестивалда Гран-прини алды

Кыргыз режиссёрунун "Мунабия" тасмасы Лондондогу фестивалда Гран-прини алды

Кыргызстандык режиссёр Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмасы кечээ, 28-июнда Лондондо аяктаган Eurasian Creative Guild фестивалынын Гран-присин жеңип алды. Бул тууралуу тасманын режиссеру социалдык тармактарда жарыялады. "Лондондон жакшы кабар келди" деп жазды ал.

"Мунабия" - бул кыргыз Ромео менен Жульеттанын сүйүү баяны, бирок каармандар жаш адамдар эмес, улуу курактагы адамдар. Казат Акматовдун ушул эле аталыштагы аңгемеси 1970-жылдардын аягында Кыргызстандын адабий коомчулугу тарабынан "Жылдын мыкты чыгармасы" катары сыйланган.

edita