Кыргызстандык Разия Мансурова "Miss Intercontinental 2021" сынагынын топ-20 катышуучусуна кире албай калды
Кыргызстандык Разия Мансурова "Miss Intercontinental 2021" 49-эл аралык сулуулар сынагында эң мыкты 20 катышуучунун катарына кире алган жок. Бул тууралуу “Мисс Кыргызстан” улуттук сынагынын дирекциясынан билдиришти.
Сынактын финалы 31-октябрда өттү. Филиппиндин өкүлү Синдерелла Фай Элле Обенито сулуулук ханышасы катары таанылды.
Сынакта байгелүү орундарга төмөндөгүлөр ээ болушту:
- Колумбиядан Мария Полло Кастильо,
- Канадалык Кэйтлин Ли,
- Сейшелден Келли-Мэри Аннет,
- Англиялык Роми Симпкинс.