Кыргызстандык Нуржигит Субанкулов Казакстандагы "Голос" долбоорунун катышуучусу болду (видео)
Кыргызстандык Нуржигит Субанкулов Казакстанда "Голос" вокалдык долбооруна катышуучу катары кирди. Видео YouTube каналына жарыяланды.
Көрбөй тандоодо ал соул-музыканын классиктеринин бири Бен И Кингдин "Stand by me" ырын аткарды. Нуржигит Субанкуловду дароо эки насаатчы тандады. Долбоордун эрежесине ылайык, кимдин командасына кошулууну кааласа, аткаруучу өзү тандайт. Кыргызстандык ырчы Батырхан Маликовду тандады.
https://youtu.be/HsTU3xCyuoU Эске салсак, Субанкулов 2019-жылы Орусиянын "Голос" долбооруна катышкан.