SerepTV Logo

Актриса Назира Мамбетова Екатеринбургдагы фестивалда мыкты деп табылды

Актриса Назира Мамбетова Екатеринбургдагы фестивалда мыкты деп табылды

Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Екатеринбургда Заманбап драматургиянын «Коляда-Plays» эл аралык театр фестивалы аяктады. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан эки таланттуу актрисалар мыкты деп табылды:
- Аялдын мыкты ролун Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова алды;
- Экинчи пландагы эң мыкты актрисаны Марина Фальман алды.

Фестиваль 20-30-июнь күндөрү Екатеринбургдагы сегиз театралдык аянтчада өткөн. Ага жалпысынан 70 арыз берилип, афишага Урал драматургдарынын пьесалары боюнча коюлган 30 спектакль киргизилген.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="187975,187976,187977,187978"]
edita