Кыргызстандык бийчилер Парижде өтүүчү чемпиондукка катышат
Маданият министри Алтынбек Максутов "Fusion Concept Кыргызстан" заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун тандоо турунун жеңүүчү бий тобу (Ома Ема) жана Жан Воинов менен жолукту.
Сүйлөшүүдө Париж шаарында өтө турган финалдык беттешке катышуууга министрлик тарабынан ар кандай колдоо көрсөтүлө тургандыгы белгиленди.
18-июнда Бишкек шаарында Борбор Азиядагы эң чоң бий боюнча иш-чара өткөн. Тандоо турга Кыргызстандан менен катар Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден бийчилер катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык Ома жана Ема аттуу бийчилер жолдомону утуп алган. Эми алар Парижде өтүүчү “Fusion Concept” заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышат.